16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5 градус болот.
16-ноябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 6…8° болот.