Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Разаков: паспорт берүү функциясын ИИМге кайтарууну колдойм


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков паспортторду берүү функциясын Мамлекеттик каттоо кызматынан алып, Ички иштер министрлигине өткөрүүнү колдой турганын билдирди. Мындай оюн ал бүгүн 15-ноябрда, парламенттин «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында айтты:

- Учурунда «бүт каттоону бир мекемеге берели» деген саясий чечим кабыл алынган экен. Азыркы күндө ИИМге өткөрүш керек деп ойлойм.

Кыргызстанда чет өлкө жарандарынан кыргыз паспорту табылган окуялар катталып келет. Жасалма кыргыз паспорттору боюнча коомчулукту дүңгүрөткөн окуя 2016-жылы май айында катталган. Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон уйгур тектүү 98 кытай жараны кармалган. Алар кыргыз паспорттору менен Сауд Арабиясына учканы жатканы белгилүү болгон. Бул чуулгандуу окуяга төрт кыргыз жаранынын тиешеси бар экендиги айтылган. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону менен анын аягы эмне менен бүткөнү азыркыга чейин белгисиз.

Андан мурдагы жылдары Грузиянын кримтөбөлдөрү да кыргыз паспортторун көтөрүп жүрүп кармалган. Бозгунда жүргөн казак банкири, оппозиционер Мухтар Аблязов башка бир адамдын атына жамынган кыргыз паспортун жасатып алганы белгилүү болгон.

Жакында эле Стамбулда киши колдуу болгон Кытай жараны Айеркен Саймаитиге да жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталды. (КЕ/BTo)

XS
SM
MD
LG