Батыш Европага жетүүнү көздөгөн мигранттар Боснияда катуу суукта оор шарттарда кармалып жатышат. Бул тууралуу "Чек арасыз дарыгерлер" уюму 15-ноябрда билдирди.
Босниянын түндүк батышындагы Вучак качкындар лагери быйыл июнда өз алдынча пайда болгон, ал жер алдын ала атайылап жашоого ыңгайлаштырылган эмес.
Уюмдун адистери лагерде эң керектүү деген элементардык шарттардын жоктугу аны "кооптуу жайга" айландырганын белгилейт. Ал жакта 2 миңдей киши баш калкалап келатат. Электр энергиясы, таза суу деген нерсе жок. Чатырлар жайдак жерге эле тигилген.
Европа биримдиги Боснияга 36 миллион евродон көп каражат жардам бөлгөн, бирок 14-ноябрда "Вучактагы жашоо-шарт ыңгайы өтө начар болгондуктан, ал жакка шаркет финансылык жактан жардам бербейт", - деп биримдиктин миграция боюнча комиссары Димитрис Аврамопулос билдирди. Комиссар ошондой эле алдыдагы кыш гуманитардык кризиске алып келиши мүмкүн деп алдын ала эскертти.
Босния шаркеттин мүчөсү Хорватия менен чектешет.