Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Иранда мунайдын кымбатташы элди көчөгө чыгарды


Ирандын президенти Хасан Роухани эл алдында.
Ирандын президенти Хасан Роухани эл алдында.

Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттатуу жана бензин сатууга квота киргизүү тууралуу өкмөттүн чечиминен соң, Ирандын бир катар аймактарында эл нааразылык билдирип чыкты.

IRNA агенттигинин маалымдашынча, толкундоо Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларда болуп өттү. Мешхед шаарында чоң жолдо айдоочулар автоунааларын токтотуп коюп, нааразылык билдиришкен.

Ал эми Сиржанда толкуган эл аймактагы мунай заводун өрттөөгө аракет кылган, бирок заводдун коопсуздук кызматы буга жол берген эмес.

АКШнын санкцияларын катаалдашынан кийин Ирандын экономикасы артка кетип жатканына байланыштуу, өкмөт мунай баасын көтөрүү жана бензин сатууну чектөөнү чечкен. Мындай нааразылык февраль айына белгиленген президенттик шайлоонун алдында президент Хасан Роуханиге басымдын күчөшүнө алып келүү ыктымалдыгы айтылууда.

Ирандын президенти Хасан Роухани 10-ноябрда өлкөнүн түштүк-батышында 53 млрд. баррелдик жаңы мунай кору ачылганын билдирген. Тегеран буга чейин ырасталган мунай кору 150 млрд. баррелге барабар экенин маалымдап келген.

XS
SM
MD
LG