Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Жашыл климат фонду Кыргызстанга 50 млн. доллар берет


Суусамыр жайлоосу алтыгана тикен бадалынан жабыркап келет.
Суусамыр жайлоосу алтыгана тикен бадалынан жабыркап келет.

Эл аралык фонддун каражаты Кыргызстандагы токойлорду жана жайыттарды бузулуп кетүүдөн сактоо максатында бөлүнүп жатканын БУУнун Азык-түлүк фонду сайтына жарыялады.

Аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманованын белгилеши боюнча, Кыргызстан тоолуу аймак, климатынын кургактыгынан улам жаратылыш ресурстары чектелүү. Буга климаттык өзгөрүүлөр да терс таасирин тийгизүүдө.


Кыргызстан деңизге чыгуучу жолу жок, бийик тоолуу аймак. Айыл чарба багытындагы жерлердин 40% ашууну деградациядан жабыркаган. Жайыттардын жана токойлордун 85 пайызы туура эмес пайдалануудан улам кыртышы бузулганы жазылган фонддун сайтында.

Эл аралык Жашыл климат фонду Кыргызстан, Чили жана Непалдагы токой менен жайыттарды сактап калуу үчүн 161 млн. доллар бөлгөн.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 млн. гектар болсо, анын 9 млн. гектарын жайлоо менен жайыт ээлейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG