Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

АКШнын чек ара кызматкери орусиялык жаранды жарадар кылды


АКШ-Мексика чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ-Мексика чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык жаран Мексиканын чек арасынан АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы кабарланууда.

Окуя 14-ноябрда Аризона штатында болгон. Чек ара кызматы 16-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран чек арачыларга каршылык көрсөткөн.

Орусиянын Техастагы консулдугунун маалыматына караганда, орус жаранынын аты-жөнү Евгений Глущенко. ТАСС Аризона штатынын бийлигине таянып билдиргендей, 37 жаштагы Глущенко 2018-жылдын сентябрынан бери штаттагы алдын ала камоочу жайда кармалып турган.

АКШ тараптын маалыматында Глущенко кош бойлуу келинчеги менен чогуу Мексикадан Америкага мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.



Апрель айында сот Глущенкону Орусияга депортациялоону чечим кылган. Бирок бул ишке ашканы белгисиз. Учурда госпиталда жаткан Глущенкого миграция мыйзамдарын бузганы үчүн түрмөгө камалышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG