АКШ жана Украинадагы Пен-клубу жазуучулардын эл аралык күнүн "Азаттыктын" украин кызматы менен кызматташып жүргөн журналист Станислав Асеевге арнашты.
Буга байланыштуу Орусиянын Нью-Йорктогу консулдугунун жанында аталган борбордун жана украин-америкалык "Разом" укук коргоо кыймылынын активисттери митингге чыкты. Жыйынга "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" мурдагы президенти Том Кент, жазуучу Гари Штейнгарт жана башка активисттер катышты.
Киевдеги иш-чарага "Украин жумалыгы" гезитинин редакциясы, "Донбасс.Реалии" сайтынын редактору жана башка жарандык активисттер кошулду.
"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" презиленти Жейми Флай иш-чараны кубаттап, "ар кандай туура эмес маалыматтарга карабай, чындык болгону чоң мааниге ээ. Ал эми чындыкты ачкан адам жалпы дүйнөдө колдоо табат" деп билдирди.
Станислав Асеев – "Азаттык" радиосунун украин кызматындагы штаттан тышкаркы кабарчысы. 30 жаштагы журналист Донецкидеги саналуу кабарчылардын бири. Асеев 2017-жылы жазында Донецкидеги жикчилдер тарабынан кармалып, тыңчылык, экстремизмге чакыруу жана өлкөнүн бүтүндүгүнө шек келтирүү беренелери менен айыпталган.
Быйыл 15-октябрда Асеев катаал режимдеги абакка 15 жылга кесилген.
Журналистти бошотуу талабы менен эл аралык уюмдар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Донецк бийлигине кайрылган.