Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:33

Чехияда премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү


Летенс аянтындагы өкмөт башчыга каршы митингге чогулган эл. Прага шаары. 16-ноябрь, 2019-жыл.
Летенс аянтындагы өкмөт башчыга каршы митингге чогулган эл. Прага шаары. 16-ноябрь, 2019-жыл.

16-ноябрда Прага шаарынын Летенск аянтына чогулган 300 миңге жакын адам өкмөт башчы Андрей Бабиш менен юстиция министри Мария Бенешованын кызматтан кетишин талап кылышты. Эки саатка созулган митингде катышуучулар премьер-министрди коррупциялык иштерге айыптап, оппозициялык партияларды өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин күчөтүүгө чакырышты.

Чехтер өкмөт башчы Андрей Бабиштин өз иши тууралуу мамлекеттик жана жарандык уюмдарга маалымат бербей жатканы европалык өнөктөштөрдүн Чехиядан баш тартуусуна алып келет деп кооптонушууда.

Митингге чыккандар өкмөт башчы Евробиримдиктен алынган акчага байланыштуу мыйзамсыз иштерин иликтөөгө да таасир этүүгө аракеттенип жатат деген шегин билдиришти.

XS
SM
MD
LG