Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков «Россия 1» телеканалындагы маегинде «Норманд төрттүгүнүн» жыйыны жыл аягына чейин болушу ыктымал экенин айтты. «Азырынча кайсы бир мөөнөттү так айта албайм, анткени дагы деле талкууланып жатат, ушул жылы болчудай көздөнүп калды», - деди ал «Москва. Кремль. Путин» программасында.
Буга чейин Ушаков саммит жемиштүү болоору белгилүү болгондо гана жолугушуу өтүшү мүмкүн экенин айткан.
Мунун алдында Франциянын президентинин кеңсеси «Норманд төрттүгү» 9-декабрда Парижде жолугарын билдирген. Германиянын канцлери Ангела Меркель катышары белгилүү болгон. Украинанын бийлиги дагы жолугушуу болорун ырастаган.
Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн, Берлин, Париж, Москва жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган.
Алар акыркы жолу 2016-жылдын октябрь айында жолугушкан. Буга чейин Кремл «Штайнмайер формуласы» Киевди ынандырбаса, орус президенти Владимир Путин бул биримдиктин алкагында украин президенти Владимир Зеленский менен жолукпай турганын айтып келген.
Өткөн айда Зеленский «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанылган документти ишке ашыруу зарыл экенин билдирген.
Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, өлкө чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Кремль жаңжалга тиешеси жок экенин айтууда.
Беш жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.