Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Кыдырбаев: Жапаровдун иши боюнча материалдар толук келе элек


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев саясатчы Садыр Жапаровдун президенттен ырайым суроо боюнча өтүнүчүнө байланыштуу материалдар толук келе элек экенин айтты.

Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде тиешелүү материалдарды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бериши зарыл болорун билдирди.

- Бардык кагаздар мыйзамдагыдай тартипте каралып, өзүнчө материал болуп бизге келиши керек. Ал бизге келе элек. Материалдар толук болбой калгандыктан азыр толукталып жатат. Ошондуктан карай албайбыз. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы материалдарды качан жиберет - аны алар чечет, - деди Кыдырбаев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча маалымат бере элек.

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганын кабарлап, саясатчынын ырайым суроо боюнча өтүнүчүнүн текстин жарыялаган. Адвокат бул кат президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга бир ай мурун эле берилгенин, бирок ал каралбай жатканын айтып чыккан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Мындан эки жыл мурда Эмилбек Каптагаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып, «ага каршы доо арыз жазууга менде эч кандай негиз жок» деп белгилеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG