Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Тошев: Тажикстанда тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүк бар


Усмон Тошиев.
Усмон Тошиев.

Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

-Тайпадан экинчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Аягына чейин ойнош керек. Биз азырынча башка тайпаларда кандай болорун билбейбиз. Эки командада тең алтыдан упай бар. Тажикстандын да, Кыргызстандын да тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, голдорун саны боюнча Кыргызстандан арттабыз. Бирок мүмкүнчүлүк бар, ойнойбуз, - деди ал.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында кезектеги ушул оюнун өткөрүш үчүн Тажикстандын курама командасы 17-ноябрда Бишкекке келген.

Бүгүн, 18-ноябрда эки команда оюн алдындагы расмий машыгууларын өткөрүшөт. Тажикстандын командасы өткөн аптада Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде утулган. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде жеңилген.

Футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан, Жапонияга 0:2 эсебинде жеңилген.

5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Эсебинде үчтөн упайы бар болгон Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын 2-баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. (GT)

XS
SM
MD
LG