Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Канат Сагымбаевдин иши боюнча 16 экспертиза дайындалды


Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.
Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге козголгон кылмыш иштери боюнча 16 экспертиза дайындалганын «Азаттыкка» анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди. Бирок ал экспертиза дайындоодо Сагымбаевдин укугу бузулганын айтууда:

- Экспертизаны дайындоодо шектүүнүн укуктары бар. Ал суроо бергенге, экспертиза жүргүзүүчү жакты тандоого, экспертизага байланыштуу өтүнүчтөрдү келтирүүгө укуктуу. Бирок тергөөчүлөр Канаттын мыйзамдуу укугун сактабай, аны материалдар менен тааныштырбай туруп эле экспертизаны дайындап коюшкан.

Анын маалыматы боюнча, дайындалган 16 экспертизанын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков кайсы куралдан ок тийип каза болгонун аныкташ үчүн баллистикалык экспертиза да дайындалган.

Бакытбек Автандил уулу Канат Сагымбаев камакка алынгандан бери бир да жолу көрсөтмө бере элек экенин, ал тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп берүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери катары анын жанында кайтарып жүргөн. Ал 24-сентябрда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-декабрга чейин камакка алынган.

Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене боюнча айып коюлуп жатат.

Кой-Таш окуяларынан кийин Сагымбаевге карата кызматтык териштирүү болуп, «Кызматтык дал келбестик» беренесинин негизинде УКМКдагы 9-кызматтан бошотулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG