Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Кыргызстанда чакан насыя алгандар 35 пайызга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын январь-сентябрь айларында 460 миңге жакын адам чакан насыя берген компаниялардан баш-аягы 22 млрд. сом насыя алды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, муну менен чакан насыя алгандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга, ал эми берилген насыя 32,8 пайызга көбөйдү.

Насыянын эң көп суммасы Ош облусуна туура келет. Ал берилген насыянын жалпы көлөмүнүн 21 пайызын түзөт. Кийинки орунда 19,1 пайыз менен Бишкек шаары, Жалал-Абад облусуна 14,1 пайыз жана Чүй облусунда насыя алуучулар 13,9 пайызды түзөт.

Алынган насыянын 31,8 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,5 пайызы керектөөчүлүк муктаждыктарга, 12,7 пайызы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

Насыяны кайтаруунун деңгээли тогуз айда 93,5 пайызды түздү. (BTo)

XS
SM
MD
LG