АКШнын Калифорния штатындагы Фресно шаарында 17-ноябрда кечинде чогуу-чаран футбол көрүш үчүн үйдөгү кечеге чогулган топ адамга күтүүсүз келген белгисиз куралчан адам ок чыгарды. Жыйынтыгында төрт адам ошол жерден мрт кетип, дагы алтоо жарадар болгон. Беш адамдын абалы оор экени кабарланды.
Бул кечеде тууган-урук, дос-таанышы болуп жалпысынан 35 адам отурган. Полиция аларга ок чыгарган адам качып кеткенин, издөө иштери башталганын билдирди.
Мындан бир канча күн мурун Лос-Анжелес шаарынын четиндеги мектепте дагы ок атылып, эки өспүрүм ажал тапкан.
АКШда курал-жарак алып жүрүүнү катаалдаштыруу демилгесин көтөргөн «Everytown» коммерциялык эмес уюмунун эсебинде Кошмо Штаттарда жыл башынан бери тынч жагдайда ок атылган окуялардан кеминде 85 учуру катталды.