Иранда 18-ноябрда, өкмөткө каршы нааразылык акцияларындагы кагылышта үч демонстрант, коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери жана бир күзөтчү ажал тапты. Бийлик мерт болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.
Иран бийлиги Интернет байланышын өчүрүп койгондуктан, кагылыш болгон аймактардан маалымат алуу кыйындады.
Жергиликтүү басылмалар нааразылык акцияларына байланыштуу Тегеран, Исфахан жана Шираз шаарларында кеминде беш университетте, дагы бир катар шаар-аймактарда айрым мектептер убактылуу жабылганын жазышты. Коопсуздук чараларынан улам Исфахан шаарындагы метро да иштебей калганы белгилүү болду.
Тартип сактоо органдары буга чейин нааразылык акциясына чыккандарга күч колдонуларын эскерткен.
«Фарс» маалымат агенттиги 17-ноябрдагы тоз-тополоңдо жүздөн ашык соода-сатык жайлары, банктардын кеңселери өрттөлгөнүн, жапырт башламандык үчүн миңдей киши камалганын билдирди.
Иранда калайман нааразылык акциялары бийлик мунайдын баасын жогорулатып, күйүүчү майды сатууга чектөө киргизгенден кийин башталган. Өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи баалардын көтөрүлүшүн кубаттап, демонстранттарды «баш кесерлер» деп айыптады.