Президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда эл аралык донорлордун катышуусунда Бишкекте өтүп жаткан жыйында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоорун жол тармагындагы эң ири долбоор деп баалады.
- Бул эл аралык мааниси чоң долбоордун өнөктөштөр тарабынан колдоого алынышы өтө маанилүү. Мунун саясий жагы чечилди. Иштер жүрүп жатат. Бул жолду курууга өнөктөштөрдөн жардам керек. Биз туңгуюктан чыгыш үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аба менен суудай керек болуп турат. Силерди ушул маселеге көңүл бурууңуздарды суранып кетем.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоору боюнча, Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкканын «Азаттыкка» билдирген. 2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Мындан соң кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуш кылган. (ВТо)