Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Economist.kg: депутат Жумалиев 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы министр Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандын аймагында катталган 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес. ​Economist.kg басылмасы жана «Декларатор» долбоору депутаттын мүлкү тууралуу тапшырган декларациясы менен ачык булактарды салыштырып көргөн. Ачык булактарда Жумалиев айрым фирмалардын жетекчиси экени көрсөтүлгөн. Муну менен ал депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө («Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө») негизги мыйзамды бузганы белгиленет. Мыйзам боюнча ЖК депутаты болуп турган адам ишкерлик менен алектенип, жетектөөчү органдарда же коммерциялык уюмдардын байкоочу кеңеши болуп иштей албайт.

Мындан сырткары Жумалиев 2015-2016-жылдар үчүн гана декларация тапшырган. 2017-жылдагы декларациясынын жоктугу да мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Юстиция министрлигиндеги жана OsOO.kg сервисиндеги ачык базалардагы маалыматтарга караганда, депутат өлкө аймагында каттоодон өткөн 33 фирманы негиздегендердин бири, айрымдарында жетекчи катары эсептелет.

Кубанычбек Жумалиев 1990-жылдардан тартып жогорку кызматтарда иштеп келет. 33 ишкананын 11ин ал мамлекеттик кызматтарда иштеп турган жылдары ачкан. Алардын сегизи депутаттык учуруна туура келет. Фирмалардын көбү билим берүү, курулуш тармагында иштейт. 2016-жылы Жумалиев өзүнүн атындагы Физика-математикалык мектеп-лицейин ачкан.

Кубанычбек Жумалиевдин өзүнүн пикирин алууга мүмкүн боло элек. «Азаттык» анын өзүнө да микрофон сунууга даяр. (КЕ)

XS
SM
MD
LG