Райондун тоолуу Кызыл-Үңкүр айылында курулушу мындан төрт жыл мурда башталган жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Алтын-Кыя мектебинин ачылышына Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова жана жергиликтүү тургундар катышты. Быйыл жыл башынан бери тогуз мектеп жана 81 бала бакча жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, пайдаланууга берилген.
- Биз жыл сайын эски мектептерди оңдоп, жаңысын салганга аракет кылып жатабыз. 2010-жылдын бюджети азыр каралып атат, ошого эң жараксыз 19 делген мектепти киргизип, кийинки жаңы окуу жылына пайдаланууга беришибиз керек. Мындан сырткары жараксыз деп корутунду чыгарылган 200дөй мектеп боюнча да иштеп жатабыз, – деди Өмүрбекова.
2015-жылы башталган мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 37 млн сом берилген. Буга чейин балдар кошуна айылдагы мектепке каттап билим алышчу. Мында азыр 9-класска чейин окуй турган 360 бала кабыл алынды. (RsK)