Тбилисиде парламенттин алдына нааразылык акциясына чыккандар кууп таратылганда 37 адам камалды. Алардын адвокаты Георги Ониани демонстранттарга «Күч кызматкерлерине каршылык көрсөтүү», «Бейбаштык» беренелери менен айып коюлганын, 19-ноябрда сотто бөгөт чаралары караларын маалымдады.
18-ноябрда каршылык акциясына чыккандар парламенттин кире бериш жерлерин тороп алып, мыйзам чыгаруу бийлигинин ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Полиция аларга суу бүркүп, кууп тараткан. Бирок демонстранттар кайра эле имараттын алдындагы аянтты ээлеп, чатыр тигип алышкан.
Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан.
Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганын Европа Кеңешинин Парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тбилисидеги элчилиги айыптады.
Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жаракат алган болчу.