Кыргызстандын азыркы мыйзамдарында жергиликтүү кеңештин депутаты сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болушу керек деген талап жок.
Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш болгон, бирок колдоо тапкан эмес.
- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча стратегиянын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын пакетиндеги нормаларда да жогорку билим тууралуу ушундай сунуш болгон. Дискуссиядан кийин «жалпы орто билимден төмөн эмес» деген норманы киргизгенбиз. Жогорку билим боюнча сунуш өткөн эмес.
Бүгүн парламент жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.
Анын авторлорунун бири Акылбек Жапаров бир аз мурдараак жогорку билим тууралуу норма мыйзам катары кабыл алынганын, президент кол коюп, ишке киргенин билдирген.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар. (RK)