Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Абылгазиев: аялдар экономикага чоң салым кошууда


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул тууралуу 20-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аялдар ишкердигинин күнүнө карата Бишкекте уюштурулган конференцияда айтты. Өкмөт башчы өз сөзүндө ишкер аялдарды куттуктап, алардын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгиледи.

- Кыргызстандын кызмат көрсөтүү тармагы ички дүң өнүмдүн 44 пайызын түзөт. Ал эми бул тармакта аялдар көп экени белгилүү. «Forbes» журналы дүйнө жүзүндө ишкер аялдардын жетишкендиктерин жазды. Анда быйыл миллиардер аялдар көбөйгөнү байкалды. Эң жаш миллиардер 21 жаштагы кыз болуптур. Бизде тигүү тармагы өсүп жатат, анда иштегендердин басымдуусу аялдар, - деди Абылгазиев.

Иш-чарага экс- президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин депутаттары, аймактардан чакырылган ишкер аялдар, адистер катышууда. Форумду «Курак» аялдар форуму уюштурган. Премьер-министр айрым ишкер аялдарга кол сааттарды белек катары тапшырды. (AiA)

XS
SM
MD
LG