Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

21-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү

21-24-ноябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат, маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак болуп, кээ бир райондордо кар күрткүсү пайда болот. 21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25 гардус болот.

Аба ырайы

21-ноябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 1…3° градус болот.

XS
SM
MD
LG