Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:43

Израил Сириянын аймагындагы Иран күчтөрүн аткылады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Сириянын аймагындагы Ислам революциясынын сакчылары корпусунун «Аль-Кудс» атайын бөлүгү жайгашкан жайларды жана сириялык куралдуу күчтөрдү бутага алып, «кеңири масштабдагы» сокку урганын билдирди. Анда Тел-Авив Иран күчтөрүнө жооп кайтарганы белгиленген.

«Мунун алдында шаршембиде күндүз Тегерандын аскерлери Израилди аткылап, Голан дөңсөөлөрүнүн үстүнөн төрт ракета атып түшүрүлдү», - деп айтылат билдирүүдө.

Сириядагы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Израилдин ракеталарынын басымдуу бөлүгү атып түшүрүлгөнүн, бирок айрымдары мээлеген жерине тийгенин жазышты. Расмий Дамаск эки жайкын тургун өлгөнүн билдирди. Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн борбордун эсебинде кеминде 11 адам ажал тапты жана алардын көбү Ирандын жарандары.

Сирияда ирандык жалданма согушкерлер да, Ислам революциясынын сакчылары корпусунун аскерлери да бар. Израил аларды өз коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептейт жана аларды бутага алып Сириянын аймагын маал-маалы менен аткылап турат. Бирок Тел-Авив көп учурда аны расмий бышыктабайт.

XS
SM
MD
LG