Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Башкы прокуратура: Жолборсовдун иши тергелүүдө, ал үй камагында


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун жардамчысы Нурбек Жолборсов боюнча тергөө уланууда, ал кармалгандан кийин бир айга жетпей үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 24-июлда Бишкек шаардык соту анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырып, үй камагына чыгарган.

Жолборсов быйыл 6-июлда кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура анын иши Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Жолборсовдун жакындары ага чейин ал күбө катары гана прокуратурага бир нече жолу чакыртылганын, анын кармалышына Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборунун жетекчиси Асылбек Жусубалиевдин көрсөтмөсү негиз болгонун айтышкан.

Министр Мирзахмедов «Азаттыкка» комментарий берип, Жусубалиев жетектеген мамлекеттик ишкана быйыл жазында текшериле баштаганын, жыйынтыгында ири суммадагы акча жок болуп чыкканын билдирген. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG