Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Бишкекте бычак көтөрүп алып элди коркуткан адам кармалды (видео)


"Апрель" телеканалынын видеосунан алынган сүрөт. 20-ноябрь, 2019-жыл.

Бишкек милициясы көчөдө бычак алып жүрүп кармалган адам боюнча жагдайды тактап жатат.

Окуя бүгүн борбор калаанын борбордук көчөлөрүнө жакын жерде болгон.

Видео "Апрель" телеканалынан алынды.

"Апрель" телеканалы тартып алган видеодон бир нече адам бычак көтөрүп тегеректеги адамдарга карай шилтеген кишинин артынан кубалап барып колуна кишен салып, кармап кеткенин көрүүгө болот.

Баштапкы маалыматка караганда, ал адам №2 троллейбуста баратып, жүргүнчүлөргө бычак жаңсап коркунуч жараткандыктан айдоочу патрулдук милицияны чакырган. Аны колго түшүрүүгө келгенде милиция кызматкерлерине жай тургундар жардам беришти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (24)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG