Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

АКШ: Гонконг боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды


Гонконгдо бир канча айдан бери нааразылык акциялары токтобой жатат.
Гонконгдо бир канча айдан бери нааразылык акциялары токтобой жатат.

АКШнын Сенаты 19-ноябрда Гонконгдогу адам укуктарын сактоо тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды. Документте "мамлекеттик катчы бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеминде жылына бир жолу баяндама жасап турушу керек" деген жобо бар. Эгер Вашингтон Гонконг жетиштүү деңгээлде көз карандысыз эмес деп тапса соода-сатыктагы айрым бир артыкчылыктар токтой турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле адам укугун бузду деген жогорку кызмат адамдарына санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мунун алдында Өкүлдөр палатасында ушул мыйзамдын башка варианты кабыл алынган. Эми эки палата макулдашып, бир вариантты алып чыгышы керек.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Ак үй бул мыйзам долбооруна байланыштуу бир пикирге келе элек экенин жазышты. Ага ылайык, президент Дональд Трамптын айланасындагы аткаминерлердин айрымдары документ Кытай менен соода келишимин түзүүгө кедергисин тийгизет деп эсептейт, айрымдары болсо Кошмо Штаттары Гонконгдогу адам укуктарын коргоодо катуу турушу керек деп кеңеш беришет.

Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон.

Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG