Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

AI: Ирандагы тоз-тополоңдо 100дөй киши өлдү


Иран.
Иран.

«Amnesty International» эл аралык уюму Иранда мунайдын кымбатташына каршы чыккандарды күч менен басууда кеминде 100дөй киши өлтүрүлгөнүн, бул сан дагы көбөйүп, ал тургай 200гө чамалашы ыктымал экенин кабарлады.

Расмий бийлик өткөн жуманын соңунда башталган, өлкөнүн 100дөй шаар-кыштактарында уланып жаткан каршылык акцияларында 12 киши курман болуп, 600гө жакыны кармалганын билдирген. Тегеран «Amnesty International» уюмунун билдирүүсүн «негизсиз айыптоо жана жасалма маалымат» деп атады.

Бир күн мурда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы Ирандагы демонстранттарга каршы курал колдонуу көп адамдын ажалына себеп болгону жөнүндө маалыматтарга өзгөчө тынчсыздануусун билдирген. Иранда элдин нааразы болуп көтөрүлүп чыгышына өкмөттүн бензиндин баасын көтөрүү жана май куюуга чектөө киргизүү боюнча чечими себеп болду.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу нааразылык акцияларынын катышуучулары токтобой көчөгө улам чыга беришсе, чечкиндүү чара көрө турганын эскертти. Ирандын руханий көсөмү Али Хаменейи болсо демонстранттарды «баш кесерлер» деп атап, башаламандыктын артында чет өлкөлүк душмандар, анын катарында АКШ да турганын айтып аларды айыптады.

Иран - күйүүчү май эң арзан өлкөлөрдүн бири. Өкмөт бул тармакка көп субсидия жумшайт. Энергия запастары көп болгону менен кара майды иштетүүчү заводдор тартыш. Эл аралык санкциялардан улам ишканаларды оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

XS
SM
MD
LG