Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:14

Орусиядагы оор кылмыш үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны Ошто кармалды


Дайнаев А.Ж. КРдин Ички иштер министрлигинен алынган сүрөт.

Орусияда жасалган оор кылмышка шектелип жаткан кыргыз жараны Ош шаарында колго түшүрүлүп, тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 37 жаштагы кыргызстандыкка Москвада кийин сөөгү табылган эки мекендешин уурдап кеткени жана өлтүргөнү үчүн эл аралык издөө жарыяланган.

Ал эми Кыргызстанда ал жакында Араван районунун тургунун коркутуп, машинесин тартып алганы үчүн издөөдө жүргөн.

ИИМдин маалыматына караганда, кылмышка шектүү адам мурда соттолгон жана ал уюшма кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турат.

А. Дайнаев аттуу адам 2018-жылы январда бир адамды ур-токмокко алып, 90 миң сомун опузалап алганы үчүн кармалып, «Карактоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун буга чейин “Азаттык” кабарлаган. Бул иш боюнча ал күнөөлүү деп табылган, бирок камалган эмес. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG