Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Өсмөгө чалдыккан балдарга дары-дармек тапшырылды


Дары-дармек бейтаптарга тапшырылды.
Дары-дармек бейтаптарга тапшырылды.

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө дээрлик 80 миң сомдук дары-дармек тапшырылды. Акцияны «Help the children - SKD» кайрымдуулук фонду уюштурду.

Дары сатып алууга каражатты меценаттар бөлүп берген. Алар бүгүн уюштурулган салтанаттуу жолугушууга катышышты.

Оорукананын жетекчилиги белгилегендей, өсмө илдетине чалдыккан балдарга керектүү дары-дармектин баарын эле мамлекет каржылабайт, андыктан мындай жардам өтө маанилүү.

Фонддун жетекчиси Елена Коневанын айтымында, быйыл жыл башынан бери балдар бөлүмүнө 361​ миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам өсмө (рак) оорулары менен каттоодо турат. Алардын 3 миңге чукулу 18ге чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. (RK)

XS
SM
MD
LG