Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:03

Сондленд: Зеленскийдин АКШга келчү сапары макулдашылган


АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондленд.
АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондленд.

Мындай маалыматты АКШнын жогорку деңгээлдеги дипломаты президент Трамптын импичмент маселесине байланыштуу коомдук угууда айтты. АКШнын Евробиримдиктеги элчиси Гордон Сондленд 20-ноябрдагы жыйында билдиргени боюнча, президент Трамп Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийге, эгерде өзүнүн саясий атаандашына карата иликтөө жүргүзүлсө, аны Ак Үйгө чакырарын айткан.
Анын сөзү боюнча, бул өтүнүчүн президент Трамп өзүнүн жеке адвокаты Руди Жулиани аркылуу берген деп белгилейт Гордон Сондленд:

- Жулиани Украина "Burisma" газ компаниясынын ишмердүүлүгүн жана 2016-жылкы АКШдагы шайлоого Украинанын кийлигишүүсү тууралуу божомолдорду иликтей турганын жарыялоосун талап кылды. Бул АКШ президентинин каалоосу экенин айтты. Ушундан улам биз бул иликтөөлөрдүн мааниси президент үчүн канчалык олуттуу экенин түшүндүк.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.


Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG