Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Сербия орусиялык адам катышкан тыңчылык окуяны иликтөөдө


Сербия. Иллюстрациялык сүрөт.
Сербия. Иллюстрациялык сүрөт.

Серб өкмөт башчысы Ана Брнабич 20-ноябрь күнү билдиргендей, социалдык тармакка тараган тасмада Сербиянын атайын кызматкерине акча берип жаткан адам орусиянын аскердик чалгын кызматына тиешеси бар деп шектелүүдө.

17-ноябрь күнү YouTube каналына кыска тасма жарыяланган. "Орус агенти менен серб тыңчысынын жолугушуусу" деп аталган тасмада орус дипломаты Белграддагы пивоканалардын биринин жанында серб агентине желим баштык берип жатканы көрсөтүлгөн. Ошол эле тасмада кийинчерээк сербиялык агент ал баштыктан акча алып чыгып жатканы тартылган.

Сербиянын коопсуздук чалгын агенттигинин башчысы Релья Жельски "тасмадагы адам орусиялык чалгынчы экени аныкталды" деп билдирди. Бирок ал экинчи адам тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, бул тууралуу президент Александр Вучич "улуттук коопсуздук кеңешинин 21-ноябрдагы жыйынынан кийин кеңири маалымат берет" деген сөзүн №1 канал таратты.

Серб президенти 21-ноябрда Орусиянын Сербиядагы элчиси Бокан Харченко менен да жолугушат.

Британиялык "Bellingcat" иликтөө тобунун мүчөсү Кристо Грозев тасмадагы адам Орусиянын аскердик атташесинин орун басары Георгий Клебан экенин маалымдады. Клебан 2019-жылдын июнь айына чейин Белграддагы Орусия элчилигинде коргоо министринин жардамчысы болуп иштеген.

Орус элчилиги бул боюнча үн ката элек.

XS
SM
MD
LG