Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Касенов: Ипподром Атамбаевдин тапшырмасы менен бүткөрүлгөн


Алмаз Касенов.
Алмаз Касенов.

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо ишиндеги коррупцияга жол бергени үчүн айыпталып жаткан Эркинбек Мергенбаев менен Алмаз Касеновдун соту болду

Ишти 20-ноябрь күнү Биринчи май райондук соту жаңы жагдайлар менен карады. Анда айыпталуучу, Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов көрсөтмө берди.

Ал ат майданды оюндарга даярдоо иши ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен тез арада курулуп, бүткөрүлгөнүн билдирди.

- 2014-жылдын июль айынын башында ат майданды даярдоо боюнча күтүүсүз чечим кабыл алынып, оңдоп-түзөөгө өзүнчө акча бөлүндү. Тез арада курулуш компаниясын таап, оңдоп башташ керек эле. Ошондо Сапар Исаков мени жана ошол кездеги спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешовду чакырып, "алты күндүн ичинде ат майданды оңдой турган компания табуу керек" деген тапшырма берди. Эргешов үч күндөн кийин компания таппаганын айтып, курулуш компаниясын табуу мага жүктөлдү. Анткени бир да компания макул болбой койгон. Бир компания жумшала турган каражатка дагы миллион доллар кошуп берсеңер да куруп бере албайм деп айткан. Мен ошондо Мергенбаевге кайрылып, аны эптеп көндүргөм. Ошентип курулуш иштери башталып, өз убагында оюндарды өткөрдүк.

2014-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында ат майданды куруу жана оюндарды уюштурууга ошол кездеги Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмаз Касенов жооптуу болгон. Ал ат майдандагы жаңы жагдай боюнча 2018-жылдын 21-декабрында камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Коррупция” жана “Документтерди жасалмалоо” беренелеринин негизинде айып коюлган.

Азыркы сот иши жаңы жагдай боюнча жүрүп жатат. Буга чейин Бишкек шаардык соту 2018-жылы ипподром иши боюнча сот өкүмүн чыгарып, Эркин Мергенбаев алты жылга, Алмаз Касенов шарттуу түрдө бир жылга кесилген.(GT/ZKo)

XS
SM
MD
LG