Иран митингге чыккандардын арасында мерт болгондор көбөйүп жатканына карабай, «душманынын кутумун» жеңгенин маалымдады.
Иран президенти Хасан Роухани 20-ноябрдагы өкмөттүн жыйынында «биздин адамдар жеңди» деп билдирди. Ал ошондой эле «көчөгө чыккан куралдуу анархисттер аз эле болгонун» айтты. Роухани Ирандагы калайман нааразылыктын артында Тегерандын каршылаштары - Сауд Арабиясы, Израил жана АКШ турат деп божомолдоду. Ирандын көсөмү аятолла Али Хаменеи 19-ноябрда «каршылаштары жеңилгенин» айтып, нааразылык элден чыкпаганын билдирген.
Иранда калайман нааразылык өкмөттүн мунайды кымбаттатуу жана бензин сатууну чектөө тууралуу чечиминен кийин башталган. 15-ноябрдан тартып нааразылыкка чыккан адамдардын жүзгө жакыны өлтүрүлгөнү маалымдалды.
«Amnesty International» эл аралык уюму Иранда мунайдын кымбатташына каршы чыккандарды күч менен басууда кеминде 100дөй киши өлтүрүлгөнүн, бул сан дагы көбөйүп, ал тургай 200гө чамалашы ыктымал экенин кабарлады.
Расмий бийлик өткөн жуманын соңунда башталган, өлкөнүн 100дөй шаар-кыштактарында уланып жаткан каршылык акцияларында 12 киши курман болуп, 600гө жакыны кармалганын билдирген. Тегеран «Amnesty International» уюмунун билдирүүсүн «негизсиз айыптоо жана жасалма маалымат» деп атады.
Эл аралык укук коргоо уюмдары, Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Германия жана Франция Тегеранды митингге чыккан элге күч колдонгону үчүн айыптоодо. Иран бийлиги мындан тышкары өлкөдө Интернетти өчүргөнү үчүн да сынга кабылган.