Жарандык коомдун баяндамасы кыргыз өкмөтүнүн баяндамасына катар эле БУУнун аялдарга карата бардык кысым-басымдарды жоюу комитетине жолдонууда.
Иш-чаранын демилгечиси "Аялдарды колдоо борборунун" өкүлү Элиза Аджиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, баяндамада акыркы төрт жыл аралыгында Кыргызстанда аялдардын укуктарынын корголушу боюнча өкмөт тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берилет.
Жарандык коомдун баяндамасында Кыргызстандагы аялдардын социалдык-маданий ролу, аялдарды эксплуатациялоо, саясий жана коомдук турмушу, айылдык аялдар, зомбулук, үй-бүлөдөгү жана никедеги теңдик боюнча абалы тууралуу маалымат берилет.
Баяндамага 2014-2018-жылдардагы кырдаал камтылган.