Мындай чечим 19-ноябрда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен Бишкек шаарынын жетекчилиги жолуккан учурда кабыл алынды.
Жолугушууга мэрия кызматкерлеринен тышкары прокуратура, ички иштер органдарынын, шаардык жана райондук соттордун өкүлдөрү катышты.
Жогорку соттун төрайымы элдин сотторго ишенимин жогорулатуу үчүн судьяларды жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу элге жолугуп, маселелерди жеринде чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Бишкек шаарынын мэри жана акимдер Жогорку сот төрайымынын демилгесин колдошту.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жеке менчикке өтүп кеткен муниципалдык, анын ичинде сейил бактарындагы жерлерди кайтарып алуудагы айрым көйгөйлөрдү чечүүдө да чогуу иштөө зарылдыгын айтты.