Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 05:03

Бишкекте баңгизатты жарнамалаган баннер алынды


Синтетикалык баңгизатты жарнамалаган баннер.

Бишкек шаардык мэриясы Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги синтетикалык баңгизатты жарнамалаган баннерди алды. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Баннерге QR-код менен сайттын аталышы жазылган. Ал баңгизаттарды саткан онлайн дүкөнгө алып барат.

Ал баннерди Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери 20-ноябрда алышкан. Мэрия буга шаар тургундары арызданып кайрылышканын билдирди.

Маалыматка караганда, жарнаманын мыйзамдуулугуна өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көзөмөл жүргүзөт. Жарнама тактасы 2022-жылга чейин ижарага берилген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG