Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Орусияда жоокер чыккынчылык кылган деген шек менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы Ростов облусунун Аксай шаарында, Түштүк аскер округунун бир кызматкери «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен камалганын билдирди. Анда бул жоокер Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын тапшырмасы менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө байланыштуу жашыруун маалыматтарды топтоп жүргөнү айтылат.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси, тактап айтканда «Мамлекетке чыккынчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

«Открытая медиа» сайтынын маалыматына ылайык, бул жоокер 28 жаштагы улук лейтенант Руслан Артыков болгон. Ал Түштүк аскер округунун Лунинецко-Пинск №175 бригадасында кызмат өтөйт. Бул маалыматты расмий органдар азырынча бышыктай элек.

XS
SM
MD
LG