Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Кант диабетине чалдыккандар 3-4 эсе көп экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кант диабетинин тигил же бул түрүнө чалдыккандар 240 миң адамдын тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Каратаев белгилегендей, кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бирок бул сан 3-4 эсе көп болушу ыктымал.

- 60 миңди болжол менен төрткө көбөйтсөк, 240 миң адам бул оорунун тигил же бул формасына чалдыккан деп айтсак болот, - деди Каратаев.

Бүгүн Бишкекте кант диабетин алдын алуу жана дарылоодогу социалдык өнөктөштүк маселесине арналган жыйын өттү. Анын ишине бийлик өкүлдөрү жана коомдук уюмдар катышты.

Диабет боюнча эл аралык федерациянын божомолуна караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 20-79 жаштагы калктын 5,8% бул илдетке чалдыгышы ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG