Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 17:19

Купер: Украина АКШнын жардамы кечиккенде тынчсызданган


Лора Купер.

Ушул жылы 25-июлда АКШ менен Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский телефондон сүйлөшкөндө, Киев Вашингтон убада берген 390 миллион долларлык аскердик жардамдын кечигип жатканына кабатырланган. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министринин орун басары Лора Купер 20-ноябрда, импичмент маселеси боюнча Өкүлдөр палатасындагы коомдук талкууда көрсөтмө берип жатып билдирди. Ал жардамдын кечигип жатканы тууралуу Украинанын АКШдагы элчилигинен анын кол алдындагы кызматкерлерине жөнөткөн каттан улам билгенин белгиледи.

Республикачылар Трамп Зеленскийди өзүнүн саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин кылдат иликтөөгө ынандырууга аракет кылган, аскердик жардамды атайылап кечиктирип, соодалашкысы келген деген дооматтарды четке кагып келет. Демократтар болсо президентти «ыйгарым укуктарынан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын башташкан.

Ушул күндөрү Өкүлдөр палатасында импичмент маселеси боюнча коомдук талкуу өтүп, күбөлөр көрсөтмө берип жатат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG