Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Сербия «орус тыңчысы» деп шек саналган аткаминерин териштирет


Серб президенти Александр Вучич.
Серб президенти Александр Вучич.

Серб бийлиги өздөрүнүн жогорку даражалуу аткаминери «Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү менен байланышы болгон» деген маалыматты иликтей баштады. Президент Александр Вучич Аскердик коопсуздук агенттигине коомчулукка жарыяланып кеткен видеотасманы жакшылап текшерүүнү тапшырды.

Бул тасма «Youtube» тармагына мындан бир канча күн мурда жарыяланган. Анда Орусиянын чалгынчысы катары кеп болгон адам сербиядагы агенти катары белгиленген кишиге акча берип жатканын көрүүгө болот.

Сербиянын жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн атайын кызматы бул видеотасма жасалма эмес экенин аныктаганын жазышты.

«Bellingcat» иликтөө тобу менен кызматташып жүргөн журналист Христо Гроздевдин айтымында, анда Белграддагы аскердик атташе, орусиялык аскердик чалгын кызматынын өкүлү Георгий Клебан көрүнөт. Ал эми андан акча алды деген адам Сербиянын чалгын кызматынын офицери, бирок анын жүзү тасмада бозортуп көрсөтүлгөн.

Орусия буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Москва менен Белграддын саясий жана экономикалык алака-катышы жалпысынан туруктуу болуп келген. Кремль Сербиянын Косовонун эгемендигин таануудан баш тарткан саясатын колдойт жана серб жоокерлерин курал-жарак менен камсыз кылат.

XS
SM
MD
LG