Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

УЕФА Румыния-Швеция оюнундагы расисттик көрүнүштү иликтейт


Румын футбол ышкыбозу.
Румын футбол ышкыбозу.

Европа футбол ассоциациялар биримдиги (УЕФА) Швециянын улуттук курама командасынын чабуулчусу, ынды кара Александер Исакка румын футбол күйөрмандарынын кылган мамилесине байланыштуу дисциплинардык иш ачты.

Румыния менен Швеция Европа чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында мелдешип жатканда Александер Исак мелдештин 78-мүнөтүндө оюн талаасына чыккан. Бирок аны румын ышкыбоздору кемсинтип-келекелей баштаганда швециялык оюнчулардын арызы менен мелдеш токтотулган. УЕФА бул окуя боюнча 12-декабрда жыйын курат.

Швеция Европа чемпионатына тандоо оюндарынын финалына чыкты, ал эми Румыния болсо кийинки этапка өтө алган жок.

Өткөн аптада Болгариянын Футбол федерациясынын төрагасы Борис Михайлов Англиянын командасы менен беттешүү маалындагы окуядан кийин кызматтан кеткен. 14-октябрда Европа чемпионатына тандоо оюндарынын алкагындагы Англия менен Болгария беттешип жатканда болгариялык ышкыбоздор атаандаштардын ынды кара оюнчуларына расисттик белгилерди көргөзүп, чуу чыккан. УЕФА бул окуяны да териштирерин билдирген.

УЕФА ошондой эле Түркиянын футболчуларынын оюн талаасындагы жүрүм-туруму иликтениши ыктымал экенин билдирген. 14-октябрда дүйнө чемпиону Францияга гол киргизгенден кийин алар Сириянын түндүгүндө согушуп жаткан жоокерлерди аскердик ишарат менен кубатташкан. Буга чейин уюм түрктөр Албания менен болгон матчта да ошондой ишарат кылышкан деген маалыматтар чыккан.

XS
SM
MD
LG