Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:13

Жээнбеков: диний лидерлер да өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга тийиш


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет диний чөйрөнү тескөө иштерин жандандырарын айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 21-ноябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн «Ислам жана православие - тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында билдирди.

Жээнбеков учурда көп жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болгонун, ушундан улам мамлекеттин ролун күчөтүү зарыл экени белгиледи.

- Биз баарыбыз дин коом турмушунун маанилүү бөлүгү экенин так түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мамлекет бул чөйрөдөн четтеп кете албайт. Мамлекет мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүк үчүн, ар кандай конфессиялардын карым-катнашта жашоосу үчүн шарт түзөт. Өз кезегинде диний лидерлер да мыйзам алкагында өлкөнү өнүктүрүүгө көмөктөш болуп, коомубуздагы тынчтык жана туруктуулук үчүн жоопкер болушу керек, — деди Жээнбеков.

Президент азыркы реалдуулуктарды эске алып мамлекет менен диндин конструктивдүү кызматташтыгын камсыз кылуу керек экенин айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG