Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 15-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 01:41

Гонконгдо казакстандык студент камалды


Гонконгдогу нааразылык.

Гонконгдо 18-ноябрдагы өкмөткө каршы калайман нааразылык акцияларында шаардагы Баптисттик университеттин 1-курсунун студенти, Казакстандын жараны Абилкаир Нукпи камалды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Анын камалышы боюнча алагчкы соттук угуу 20-ноябрда өткөн жана аталган мекеме студент үчүн адвокат издеп жатат.

Айрым бир маалыматтарга караганда Баптисттик университеттеги каршылык акциялары маалында Абилкаир Нукпинин колунда бөтөлкөгө куюлган күйүүчү май болгон. "Bloomberg" басылмасы сот аны күрөөгө бошотуудан баш тартканын жазды.

Мунун алдында Тышкы иштер министрлиги Гонконгдо окуп жаткан казакстандык студенттерди мекенине келүүгө чакырган жана 18-ноябрда 120дай студент учуп келгени, дагы 50 чакты адам да келери айтылып жаткан.

Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон.

Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG