Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 08:23

AI: «Facebook» менен «Google» адам укуктарын бузуп жатышат


«Фейсбуктун» башкы баракчасы.

«Amnesty International» уюму 21-ноябрдагы баяндамасында «эки америкалык интернет-гигант колдонуп жаткан бизнес модели адамдардын жеке жашоо укугуна туура келбейт» деп жазган. Уюм «Facebook» менен «Google» адамдарга бардык жерден көз салып турганын белгилеп, «бул эки гигант бизнес моделин өзгөртүүгө тийиш» деп эсептейт.

Баяндамада айтылгандай, «Facebook» менен «Google» колдонуучулардан акча албаганы менен адамдар бул эки компанияга жеке маалыматтары менен төлөп берип жатышат. Бул маалыматтар кайра эле колдонуучулардын өздөрүнө каршы пайдаланылып калышы ыктымал. Уюм өкмөттөрдү жана мыйзам чыгаруучуларды жарандардын укугу реклама берүүчүлөр жана үчүнчү бир адамдар тарабынан басмырланбашын кепилдикке алууга чакырган.

Интернеттеги издөөнүн 90% «Google» платформасында жүргүзүлсө, 2,45 миллиард адам негизги убактысын «Фейсбукта» өткөрөт.

Айрымдар «Фейсбук» башкы бетиндеги «Бул бекер жана ар дайым бекер болот» деген жазууну «Бул бат жана жеңил» деген сөзгө алмаштырып койгонун байкашкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG