Айрым маалымат каражаттары «депутаттар жаш окуучу кызды шылдыңдап күлүштү» деп жазып чыгышканы туура эмес. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун билдирди. Анын айтымында 20-ноябрда Жогорку Кеңеш балдарды кабыл алып, майрамы менен куттуктап жана алардын балдар темасына байланыштуу даярдаган баяндамаларын, суроолорун уккан.
- Кичинекей кыз олуттуу маселени козгоп, өзгөчө чеберчилик менен, балалыктын бал тилине салып сүйлөгөнүнө күбө болгон катышуучулар жылмайып, кол чаап жиберишти. Бул кадрды айрым маалымат каражаттары «депутаттар балдарды шылдыңдашты» деп жазганы туура эмес. Балдарды парламентти каралоо, Жогорку Кеңешке чабуул коюу максатында колдонуу туура эмес.
20-ноябрда Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жаш жеткинчектер бир катар бийлик бутактарында бир күн жетекчилердин жана депутаттардын ордун ээлешкен. Бул иш-чараны ЮНИСЕФ уюму уюштурган. (ZKo)