Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

«Апрель» телеканалына обого чыгууга уруксат берилди


Дмитрий Ложников. «Апрель» телеканалынын жетекчиси.
Дмитрий Ложников. «Апрель» телеканалынын жетекчиси.

«Санариптик технологиялар» («Цифровые технологии») коомунун «Апрель» телеканалына эфирге чыгууга уруксат берген чечими коом мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында кабыл алынды. Анда ошондой эле 7-каналдын берүүлөрүн да сактап калуу тууралуу чечим чыкты. Добуш берүү жабык болду. Натыйжада мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен эки телеканалга тең обого чыгууга уруксат берилди.

«Санариптик технологиялар» коомунун курамында «Апрель» менен 7-каналды кошо санаганда 21 телеканал бар.

«Апрелдин» жамааты мурдараак эфирге чыгууга укук берген тиешелүү күбөлүктөр, лицензиялар бар экенине карабай телеканалды эфирге чыгарчу «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коому алардан баш тартканына арызданган.

«Апрель» обого 26-ноябрдан тарта чыгары болжолдонуп жатканын телеканалдан кабарлашты.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашкан.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген.

Каналдын юристтери «Апрелдин» мүлкүн камакка коюуну мыйзамсыз деп таануу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны канааттандырган эмес. «Апрель» каналы интернет-телеканал катары сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу иштеп келе жаткан.

«Апрель» телеканалы бир нече оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектүү катары камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. (ZKo)

XS
SM
MD
LG