Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Чүйдө өрт бир өмүрдү жалмады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдөгү өрттөн бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Москва районуна караштуу Беловодское айылында болгон.

Жалпы аянты 40 чарчы метрлик үй толугу менен күйүп кетти.

Өрттүн кесепетинен үйдүн ээси, 89 жаштагы эркек киши каза болду. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 10 өрт катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG