Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:45

Жалал-Абадда тез татым жайлары көзөмөлгө алына баштады


Текшерүү учуру. 21-ноябрь, 2019-жыл.

Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук аймактык башкармалыгы тез татым ашканаларын каттоого алып, алардын ээлерине өрт коопсуздук эрежелери боюнча эскертүүлөрдү берип жатат.

Башкармалыктын өрт көзөмөлү боюнча башкы инспектору Акылбек Анарбаев «Азаттыкка» билдиргендей, адистер жума башынан тартып Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы тем татым ашканаларын кыдырып жатышат.

- Башкармалыктын башчысынын буйругуна ылайык 21-декабрга чейин ушул аймактагы ашканалар инвентаризацияланып, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча эскертүүлөрдү берип жатабыз. Алар аткарылбаса мыйзам чегинде чара көрүлөт, - деди Анарбаев.

Былтыр Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук аймактык башкармалыгы 500дөн ашык текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузган тараптарга 3,2 млн сомго жакын айып пул салган. Алардын ичинен өрт коопсуздук эрежелерин бузган 517 учур аныкталган.

8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, бир адам ошол жерде мерт болгон. 14 киши ар кандай деңгээлде жараат алган. Ушул эле күнү Бишкек милициясы Жазык кодексинин 261-беренесинин негизинде («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») материалдарды бирдиктүү реестрге каттаган. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG