Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Президент прокурорлор менен жолугушууда коррупция жөнүндө айтты


Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Өткүрбек Жашитов.
Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Өткүрбек Жашитов.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү актуалдуу бойдон каларын айтып, бул иште Башкы прокуратура негизги орган экендигин белгиледи. Бул тууралуу ал 22-ноябрда кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

- Прокуратуранын иши оңолмоюнча, жалпы сот өндүрүшү да оӊолбойт. Соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу - соттордун же прокуратуралардын эле мекемелик иши эмес. Бул жалпы мамлекеттик иш. Элибиз, коомчулук талап кылган маанилүү реформа, - деди президент.

Жээнбеков элдин бийликке болгон ишеними прокуратура органдарынын ишине тыгыз байланыштуу экенин, ошондуктан прокуратура органдарынын жоопкерчилиги жогору экенин кошумчалады.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган иликтөө коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов комментарий бере элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «инимдин өзү менен байланышкыла» деп, «Азаттыктын» калган суроолоруна жооп берген жок.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер президент бул иликтөөгө көңүл буруп, чара көрүшүн талап кылышууда. Сооронбай Жээнбеков прокурорлор менен жолугууда бул тууралуу сөз кылган эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG