Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Помпео ирандыктарды каршылык акцияларындагы сүрөт, видеолор менен бөлүшүүгө үндөдү


Иранда калайман каршылык акциялар 15-ноябрда башталган.
Иранда калайман каршылык акциялар 15-ноябрда башталган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иранда жашагандарга кайрылып, өкмөткө каршы калайман нааразылык акциялары учурунда тартылган видеотасмаларды жана сүрөттөрдү мамдепартаментке жөнөтүүгө чакырды. Ошондой эле митингге чыккандарга зордук-зомбулук көрсөтүп жатканы үчүн Вашингтон Тегеранга санкция салганы жатканын белгиледи.

Помпео "Твиттердеги" мындай билдирүүсүнүн фарс тилиндеги котормосун дагы жайгаштырды.

Социалдык тармактарда ашынган демонстранттардын май куюучу жайларды өрттөп, каржы мекемелерин талкалап, полиция менен кагылышып жатканы тартылган бир катар видеотасмалар тараган. Мамлекеттик маалымат каражаттары көчөгө чыккандарды кууп таратуу үчүн коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызчу газ колдонгонун жазышкан.

Иранда 15-ноябрдан бери токтобой жаткан калайман нааразылык акцияларына бийликтин мунайдын баасын жогорулатып, күйүүчү майды сатууну чектеген чечими себеп болгон. Өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменеи баалардын көтөрүлүшүн кубаттап, демонстранттарды «баш кесерлер» деп айыптаган.

«Amnesty International» эл аралык уюму Иранда мунайдын кымбатташына каршы чыккандарды күч менен басууда кеминде 100дөй киши өлтүрүлгөнүн, бул сан дагы көбөйүп, ал тургай 200гө чамалашы ыктымал экенин эскерткен.

Расмий бийлик өлкөнүн 100дөй шаар-кыштактарында уланып жаткан каршылык акцияларында 12 киши курман болуп, 600гө жакыны кармалганын билдирген. Тегеран «Amnesty International» уюмунун билдирүүсүн «негизсиз айыптоо жана жасалма маалымат» деп атаган.

XS
SM
MD
LG